super.kg logo

"Тамашоунун" финалы "Позитифф" командасынын калыстарга даярдаган белеги менен башталды  

 

Бүгүн, 18-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун финалы өтүп жатат. Анда буга чейин мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашууда. Алып баруучу Эрмек Нурбаев сынактын башталышында бүгүнкү оюнду ачып берип, калыстар тобун сахнага чакырып алды.

Командалардын өнөрлөрүнө КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана Кумар Жалиевдер баа беришет.

Калыстар тобунан соң сахнага финалчылар чакырылды. Финалдык беттешти "Позитифф" курама командасы ачып берди. Алар Урмат Усеновго "Евровидение-2014" сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурстту, Замира Молдошевага мырзаларды, Омарга суйкайган сулуу кыздарды жана юрист Жоомарт Жолдошевге абакта отургандарды чакырып, белек кылышты. Ар бир кесипти ардактай билели деген "тамашоучулар" көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулай алышты. 

Андан кийин "Элестет" курама командасы Нурлан Мотуев менен Аскар Акаевдин образында залды күлкүгө бөлөштү. Мындан ары оюнду "Кыргыз двор",  "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары улантышат.

Эске салсак, бүгүнкү жыйынтыктоочу оюнда командалар "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видеотапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча күч сынашат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.05.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
У Позитива яркое будущее..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: