super.kg logo

"Тамашоу": "Позитиффчилер" Бишкектин жолдорун толук оңдоп бүтүрүүгө мэр эмес, мээ керек дешет     

 

Бүгүн, 18-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонун жыйынтыктоочу оюну өтүүдө. 6 жылдан бери миңдеген күйөрман топтоп, жүздөгөн жаштарды атактуулукка жеткирген "Тамашоу" Лигасынын бүгүнкү оюнунда "Фристайл", "Видеотапшырма" жана "Ким тапан?" сынактары болуп өттү.

"Кыргыз двор": - Айылдын ары жагынан... (ырды улантуу тапшырмасы)

"Позитифф": – Аны айтпа, уят!

"Nо name": – Эмне бар экен оякта?

"NutsТан": – "Пустой дом" тартылган...

"Элестет": – Үнүңө береке!

"Кыргыз двор": – 40 сотых жерди басып алгам. 

"Элестет": – Эмне үчүн бизде экономика жок?

"Кыргыз двор": – Анткени айрым чиновниктердин бети жок.

"Nо name": – Силерде билбейм, бизде бар.

"Позитифф": – Атамбаев тамашалашып жүрсө, болмок беле...

"Элестет": – Эмнеге менде фигура жок? 

 "NutsТан": – Нариман Түлеев мэр болгондо Түштүк магистралды оңдоду, Иса Өмүркулов Сүйөркулов көчөсүн оңдосо, Кубанычбек Кулматов Алма-Ата көчөсүн оңдоп жатат. Бишкек шаарынын көчөлөрү толук оңдолушу үчүн канча мэр керек?

"Бишкек": – Мага баары бир, мен Американын президентимин. 

"Позитифф": – Мээ керек!

"NutsТан":  – Ош эли Бишкекке батыш үчүн канча жер керек? 

"Бишкек": – Силер кандай сайт ойлоп чыкмаксыңар?

"Кыргыз двор": – Айылда ватсапты "уй саап" деп которуп алышкан. 

"Nо name": – "Сары жигит" деген.

"Позитифф": – Аталарыбыз мурун ачкан, "уй саайт, кой саайт" деп. 

"Позитифф": – Бажы биримдиги эмне алып келет?

"Nо name": – Мага эч пала апкевейт.

"Бишкек": – Бул жерде сөгүнгөнгө болбойт да. 

 "Nо name": – Сүйүктүүңөр акылдуу, сулуу, бай, дагы кандай болушу керек?

"Кыргыз двор": – Оштук болушу керек.

"NutsТан": – Кыз болушу керек. 

"Nо name": - Кончита Вурст болбошу керек. Анан алар бирин-бири көрбөшү керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү оюнда мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн күч сынашууда. Алар: "Позитифф", "Кыргыз двор", "Элестет", "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары. Сынактын жүрүшүндө командалар дагы "Музыкалык тапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча "калчылдашышат". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name алга!!!
19.05.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kulkuluu dele joop bere alywpait bolbogon sozdor
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: