super.kg logo

"Тамашоунун" 6-сезонунда "Nо name" командасы чемпион аталды (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 18-майда Бишкектин Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонун финалы өтүүдө. Анда буга чейин мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашышты.   
Бүгүнкү жыйынтыктоочу оюнда командалар "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видеотапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча күч сынашты. 
Командалардын өнөрлөрүнө КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана спортчу Кумар Жалиевдер баа беришти. 

Финалдын жыйынтыгы боюнча "Элестет" курама командасы 6-орунга ээ болду. Ал эми "Бишкек" курама командасы 5-орунду, "Кыргыз Двор" 4-орунду ээлешсе, "NutsТан" курама командасы 3-орунду ээлеп, калыстар тобунун атынан 4 миң сом менен сыйланды. "Позитифф" курама командасы 2-орунга ээ болуу менен бирге калыстар тобу тарабынан 8 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 

"Жеңилүүнүн кайгысын билген, жеңиштин даамын сезе билет" деген сыңары, 2009-жылдан бери татыктуу оюн көргөзүп келе жаткан Ош шаарынан келген "Nо name" курама командасы 6-сезондун чемпиону аталды. 1-орунга татыктуу болгон команда финалда мыкты тамашалары менен ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун алууга жетишти. Алар "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун кубогун, калыстардын атынан 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле "Тамашоунун" демөөрчүлөрүнүн атынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо,  акчалай сыйлык жана ноутбук сыяктуу белектерди алышты. 

"Nо name" курама командасынын капитаны Мурат Жалиев кубанычы менен бөлүшүп: "Тамашоуго" 2009-жылдан бери катышып келе жатабыз. Даярдык жакшы деңгээлде болгон. Мына, жеңишке да жетип отурабыз. Мындан ары биздин жолубузду шакирттерибиз улайт. Оштон таланттуу балдарды тандап алып, капитандыкты өткөрүп бердим",- деди.

"Тамашоу" долбоору элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап чыгарууда. Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп келишет. Аталган долбоор кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге өлкөдөгү таланттуу жаштардын, анын ичинде студенттер, окуучулардын башын бириктирип келет. 

Ийгиликти багындырып келе жаткан долбоор тууралуу "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев таланттуу жаштарды колдоо керектигин баса белгилеп, буларга токтолду: "Долбоор 2008-жылдан бери иштеп келе жатат. Башкы максатыбыз - кыргыз тилин өнүктүрүү жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү. Бүгүнкү оюн жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Башкысы, 6-сезондун чемпиондугун алуу үчүн "Nо name" татыктуу оюн көргөздү. Ошондой эле алардын долбоор менен коштошуусу да сыйга татыйт. Жигиттер мындан ары да кыргыз эли сыймыктанган атуулдардан болуп каларына ишенем".

"Тамашоу" Лигасынын оюндарына балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын келгени долбоордун артыкчылыктарынын бири экени шексиз. "Биз колдон келишинче жардам көрсөтүп, кайрымдуулук кылганга аракет кылабыз. Буга чейин 9-Май - Жеңиш күнүндө ардагерлерди куттуктап, концерт берип келгенбиз. Мындан сырткары оюндарга балдар үйүнүн тарбиялануучуларын да чакырабыз. Буга жүйөлүү себеп бар десем болот. Балдар - биздин келечегибиз. Биз аларга жашоону жакшы жактан көрсөтүп, жагымдуу маанай тартуулоо менен айрымдарынын таланттарын элге көрсөтүүгө шарт түзүп бере алабыз. Өлкө боюнча бардык балдар үйүндөгүлөрдү чакырууга аракет кылдык. Бишкек шаарына жакын жайгашкан интернаттардан, Ысык-Көл, Чүй облусунан келип кетишти. Алыскы аймактардан да чакырдык. Баарын алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар болгону менен, алардын коопсуздугуна жоопкерчиликти алыш керек экен. Мындан улам алыскы райондорго күйөрмандар азырынча келе албай жатышат",- деди Эрмек Нурбаев. 

Азыркы тапта "Тамашоунун" оюнчуларын телевидение жаатында, кино индустриясында көрүүгө болот. Аларга "Тамашоу" пайдубал болуп калганы сүйүндүрбөй койбойт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда. Оюнчулардагы энергия, алдыга умтулуусу жана азыркы таптагы жараткан ийгиликтерине өз учурунда "Тамашоудогу" ийгиликтер стимул болуп калганы айтпаса да белгилүү. Чоң үй-бүлөгө айланган балдарды элге жагымдуу маанай тартуулоо жана максат коё билүү сапаттары бириктирип келет.

"Каалоосу, максаты бар жаштарга "команда түзүп катыша бер" деп мүмкүнчүлүк беребиз. Эч кандай акча бермей же тааныш-билиш деген бизде жок. Каалоо-тилек менен келген жаштар гана максат коюп, ага жете алышат. Мындан сырткары ич ара тартипти сактаганы дурус. Албетте, адамгерчиликтүү болушу керек. Ошону менен катар "жылдыз оорусу" менен оорубаса, баары жакшы болот",- деди "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев.

Кыргыз тилдүү, күлкүгө бай, келечектен көптү үмүттөндүргөн "Тамашоу" мектеби талантка бай элдин жаштарына колдоо көрсөтүп, мындан ары да ийгиликти багынта берет деген ишеничтебиз. Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн КВНге да катышып, өлкөнүн намысын коргойт деген үмүт, сыймыктануу сезими ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашайт. Жыл сайын шайыр тапкычтарды уясынан учуруп жатканы, алдыга умтулган жаштарды чогултуп, элге жакшы маанай тартуулап жатканы "Тамашоунун" келечеги мындан да кең экенинен кабар берет.






"Тамашоунун" 6-сезонунда "Nо name" чемпион болду!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(124)
18.05.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
башкага берип коюшса уят болмок!!! Татыктуу
18.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ, Бек Исраилов, Г. Калыков, А. Бакытбековтор чыккан конкурстун аткарганын видеосун жуктоп койгулачы
19.05.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslim7, Саламатсызбы! Ал канчанчы сезондогу оюн эле? Сурооңузду толук берсеңиз. Биз жүктөгөнгө аракет кылабыз.
19.05.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уррра
19.05.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
No Name super!
19.05.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мына адилет чечим мурда эле булар алыш керек болчу калыстар тобу эми туура чечим кылыптыр. НО нейм силер татыктуусунар азамат мындан ары Кыргызстандын атын буткул ааламга даназалагыла!!!
19.05.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Но неймди куттуктайм! Башка финалга чыккан баардык команда мыкты деп ойлойм. Сиздер да бир кун ушундай чемпион болосуздар буйурса. Алга Тамашоу!
19.05.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
но нейм куттуктайм. Акыры адилеттуу болуптур. мындан кийин да сагындырбай онорунор менен чыгып тургула.
19.05.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар алга.супер видеосун качан коробуз
19.05.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат но нейм,абдан куттум эле,чын журоктон куттуктайм....Алга акалар
19.05.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нонейм командасы боорду эзген команда алар чыканда эле сахнага элдин жузундо жылмаю пайда болот силер мыктысынар!!!
19.05.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
No name азаматсынар!Куттуктайм силер татыктуу болчусунар.
19.05.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер видосун жуктойсуздорбу? Жуктосонуздор жакшы болмок. Чет жерде жургон мекендештерге. Алдын ала рахмат.
19.05.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMU89, +
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: