Бишкекте "автоунаа уурдаган" деген шек менен эки жаран кармалды
Бишкекте "автоунаа уурдаган" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ак-Тилек жаңы конушунун Асылбек аттуу жашоочусу укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, өз үйүнүн короосунан белгисиз адамдар Фольксваген-Пассат унаасын уурдап кетишкенин кабарлаган.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Даулет жана 21 жаштагы Тимурлан аттуу жарандар кармалды. Иликтөө улатылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кылмышка шектүү деп 20 жаштагы Даулет жана 21 жаштагы Тимурлан аттуу жарандар кармалган. Алар кимдин балдары же эмнелери, бул боюнча азырынча кабар жок.
Талкуудан алыстабашыңызды эскертем!
Биринчиден, бул кабар Бишкек ШИИББинин берген маалыматы боюнча чыкты.
Экинчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.