Өзгөн районунда сууга чөгүп кеткен 2 жашар кыздын жансыз денеси табылды
Өзгөн районунда сууга чөгүп кеткен 2 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 17-май күнү саат 17:20 чамасында аталган райондун Кызыл-Туу айыл аймагындагы каналга Ак-Кыя айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Акжибек Бакирова чөгүп кеткен. 18-май күнү Өзгөн райондук куткаруу кызматы издөө иштерин жүргүзүшүп, чөгүп кеткен кыздын жансыз денесин табышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.