Парламент комитети бүгүн, 19-майда Ошто көчмө жыйын өткөрөт
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 19-майда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында 2014-жылдын отчёттук мезгилинде жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча айыл өкмөттөрү баяндама жасашмакчы. Ошондой эле Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин 2013-жылы пайдаланган электр энергиялары үчүн карыздары жөнүндө маселе каралат. Бул боюнча "Ош электр" ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов маалымат берет.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

