super.kg logo
  Саясат  

Гандбол федерациясынын президенти болуп Максат Сабиров шайланды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргызстандагы Гандбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда депутаттын жардамчысы билдирди.

Айтымында, федерациянын уюмдаштыруучу жыйынына аталган спорттун профессионал машыктыруучулары катышып, депутатка ишеним көрсөтүшкөн. Сабиров көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылык билдирип, гандболду кайра жандандырууга болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.   

Максат Сабиров

Туулган жылы - 1967-жыл, 17-октябрь 

Туулган жери - Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы

Билими – Жогорку. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданият-агартуу факультетин, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин, 2013-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. 

Акыркы жылдары ээлеген кызматтары: 

2008-2010-жылдары Экономика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, Жогорку Кеңештин Эл аралык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, 2013-жылдын сентябрынан баштап "Республика" фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: