Базарда иштегендер эми патент үчүн төлөмдү терминал аркылуу гана төлөй башташат
Кыргызстандын базарларында иштегендер эми патент үчүн төлөмдөрдү салыкчылардын колуна бере алышпайт. Башкача айтканда, акчаларды банкомат же төлөм терминалдары аркылуу гана төлөй алышат. Муну бүгүн, 19-майда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов мындай чечимди соодагерлердин патент алуу түйүндөрүнө барбай, иштеген орундарынан салык кызматкерлерине акча берип жатышы менен байланыштырды. "Мындай болбошу керек. Ошондуктан салык кызматкерлеринин патент үчүн төлөмдөрдү колго алуусуна тыюу салам",- дейт Осмонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

