super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Ошто көчмө жыйын өткөрүшүүдө

 

Бүгүн, 19-майда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана эксперттер катышууда. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Көчмө жыйынды ачып жатып депутат Курманбек Дыйканбаев Ош облусу өлкөнүн эң ири аймагы экенин, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы каржылык саясаттын, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелердин эң маанилүү бөлүгү болуп саналарын айтты. "Жогорку Кеңеш менен өкмөт кошумча каражат булактары табылар замат жергиликтүү бюджетти чыңдоо, элет калкынын турмушун жакшыртуу багытында жумшоо аракетин кылат. Анткени алардын көпчүлүгү дотацияда отурат”,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: