Ош шаарынын мэри: "Гранттык каражаттарды алууга кызыкдарбыз"
Ош шаарында бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анда жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө маселе каралууда. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев республикалык бюджеттин абалына байланыштуу эл аралык донорлордун көмөгү менен кошумча каржы булактары изделип жатканын айтты. "Колдон келишинче гранттык каражаттарды алууга же жеңилдетилген насыя каражаттарын тартууга кызыкдарбыз. Каражат табылып калса, албетте, аларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу чаралары көрүлөт",- дейт Кадырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

