super.kg logo
  Саясат  

Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин "Ош электрге" карызы 19 миллион сом

 

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин 2013-жылы пайдаланган электр энергиясы үчүн карыздары жөнүндө маселе каралды. "Ош электр" ишканасынын башкы директору Дыйканбай Даминовдун айтымында, Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин электр энергиясы боюнча былтыркы карызы 19 миллион сомду түзөт. "Алардын кайтарымы абдан начар. Быйылкы карыздары да өсүп бара жатат. Кирешеси аз болгондуктан, бюджеттик мекемелердин карызын кайтарып берүүгө алы жетпей жатат. Алардын жарыгын өчүрүп салуу менен маселе чечилбейт. Өзүбүздүн да бюджетке 187 миллион сом карызыбыз бар. Аны да чечишибиз керек",- дейт Даминов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: