Бишкек: Аймактык журналисттерге парламентаризм боюнча семинар өттү
16-17-май күндөрү Бишкекте аймактык журналисттер үчүн “Кыргызстанда парламентаризмдин калыптанышы жана өнүгүшү. Жогорку Кеңештин негизги иш-милдеттери” аттуу семинар өттү. Иш-чарага республиканын бардык облустарынан келген кабарчылар катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Семинардын катышуучуларына эксперт Зайнидин Курманов парламентаризмдин өнүгүүсүнүн негизги этаптары, парламенттин саясий партиялар жана шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу айтып берди. Ал эми Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин бөлүм башчысы Айчүрөк Назаралиева парламенттин мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөлдөө иш-милдеттери жана депутаттын макамы жөнүндө лекция окуду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

