super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин мэри менен «Газпромнефть Азия» компаниясынын директору кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту

 

Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен «Газпромнефть Азия» компаниясынын директору Е.Абилдаев борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртууну биргеликте иш жүзүнө ашырууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. 

"Шаарга өмүр тартуулайбыз!" долбоорун ишке ашыруунун алкагында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, сейил бактардын аянтын кеңейтүү жагы каралган. "Биз шаардыктардын жашоосун жакшыртышыбыз керек. Бишкек өлкөбүздүн борбору эмеспи. Биздин өнөктөштүгүбүз шаар жана шаар тургундары үчүн жакшы жыйынтык берет деп ишенем",- деди мэр. 

Белгилүү болгондой, аталган долбоордун алкагында 20га чукул балдар аянтчасын куруу башталды. Ал эми «Газпромнефть Азия» компаниясынын директору Е.Абилдаев шаардык муниципалитет менен иштешүү жакшы жыйынтык алып келерин белгилеп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: