super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Жаштардын көбү жыныстык маалыматтарды интернеттен алып жатышат"

 

Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жарымынын көбү жыныстык өнүгүү боюнча маалыматтарды интернет булактарынан алып жатышат. Муну парламент депутаты Дамира Ниязалиева "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Каракол шаарында өткөн коомдук угууда билдирди.

Ниязалиева ата-энелер балдары менен бул маселе боюнча сүйлөшө албастыгын белгилеп, бардык оорулардын алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө адистер тарабынан маалымат берилиши керек деп эсептейт. Анын пикиринде, жаштарга жөн гана маалымат эмес, туура маалымат берилиши зарыл. 

Талкууга катышкан мугалимдер бул мыйзам долбоору кеч жазылып жатканын, бейөкмөт уюмдар ар кандай маалыматтарды таратып окуучулардын башын айлантып жатышкандыгын айтышты. 

"Мыйзам демилгечиси керектүү адептик жана жыныстык билим берүү боюнча тийиштүү программалар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша педагогдор жана медиктер тарабынан иштелип чыгуусу тийиштигин, ал эми программаны ишке ашыруу билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы адистерге тапшырылышы керектигин кошумчалады",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: