super.kg logo
  Саясат  

Ошто Нурсултан Назарбаевдин каражатына курула турган мектептин тегерегинде талаш жаралды

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин каражаты менен Ош шаарына курулчу мектеп боюнча тендер өткөрүлбөгөнү айтылды. Мунун бүгүн, 19-майда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында депутат Акылбек Султанов билдирди.

Султанов: "Мектепти курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев 5 миллион доллар бөлгөн. Тилекке каршы, тендер жарыяланбай туруп, кантип курулушун баштадыңар? Пайдубалынын түптөлүшүнө 33 миллион сом кайдан табылды?"- деп суроо салды.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин өкүлү мектептин пайдубалы өкмөттүн жарлыгына ылайык, бөлүнгөн акчага курулганын айтты. 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бул акчага шаардан 5 мектеп курса боло турганын айтып, депутаттардан мектептин курулушу боюнча кайрадан тендер өткөрүп берүүнү өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: