super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева Түркиянын өнүктүрүү министринин орун басары Кемал Маденоглу менен жолугушту

 
Бүгүн, 19-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Түркиянын өнүктүрүү министринин орун басары Кемал Маденоглу жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Сариева аталган окуу жайдын ишине оң баа берерин билдирди. Тараптар студенттер шаарчасын куруу, илим изилдөө жана социалдык маанидеги имараттарды куруу боюнча пикир алышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
"Жолугушууда жакында Жогорку Кеңеш ратификациялаган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө макулдашуу да талкууга алынганы айтылды. Эльвира Сариева өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү аталган окуу жайдын ролун белгиледи" деп айтылат билдирүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: