super.kg logo

Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы “Түндүк электр” ишканасынын үч кызматкерине айып такты

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Түндүк электр» ишканасынын үч кызмат адамына айып такты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкармалыгы “Түндүк электр” ААКтын айрым адамдарына карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү өзүнө алуу же чыгымдоо) жана 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде төмөнкүлөргө кылмыш иши козголду:

“Түндүк электр” ишканасынын башкы директорунун орун басары Кадырбек Темиркановго, “Түндүк электрдин” коммерциялык-баланстык бөлүмүнүн башчысы Аскар Колчаевге жана “Түндүк электрдин” Сокулук району боюнча сатуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Жанболот Болоталиевге.

Ал эми УКМКнын тергөө тобу тарабынан аларды кызматынан убактылуу бошотуу токтому кабыл алынды. Тергөө иши жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: