Кыргызстан Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимге кол койду
Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимге 2006-жылдын 9-сентябрында Семипалатинск шаарында кол коюлган жана аймактын өлкөлөрүнө караган бул келишим 2009-жылдын 21-мартында өз күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасы Борбор Азияны өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуунун бирден-бир демилгечиси болуп эсептелет жана бул келишимдин депозитарийи (документтин асыл нускасын сактоочу мамлекет) болуп дайындалды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуудагы маанилүү ролун тастыктоо жана таануу менен Кыргыз Республикасына дүйнөлүк державалар тарабынан болгон чоң ишенимдин күбөсү болуп эсептелет. БУУнун куралсыздандыруу маселелери боюнча өкүлү Ангела Кейн Кыргыз Республикасына келишимдин депозитарийи катары жасаган активдүү иш-аракеттерине ыраазычылыгын билдирди.

