Жаза аткаруу мекемесинде эмгектенген полковник Аманкуловдун сөгүнүп, чыр чыгарып жаткандыгы тууралуу видео тарады

Бүгүн интернет булактарына аскер адамдарынын мас абалында чыр-чатак чыгарып, сөгүнүп жатышканы тууралуу видео тарады. Бул видео түшкө маал тартылганы көрүнүп турат. Мас абалында чыр чыгарып жаткандардын бири КРнын Жаза аткаруу мекемесинин Конвойдук департаментинин штаб башчысы Аманкулов Мурат экени айтылды. Күч түзүмдөрүнүн мындай кадамга барганы арсар ойду жаратпай койбойт. Мамлекеттик кызматта эмгектенген жарандын этикага жатпаган сөздөрдү айтышы талапка ылайык эместиги белгилүү.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда комментарий берди. “Мурат Аманкулов ишинен убактылуу четтетилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Балким, бул жумуштан кийинки болгон окуя болушу мүмкүн. Иликтөөдөн кийин гана бир тараптуу ой айтууга болот”,- деп билдирди Жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматынан.
Полковник Аманкулов мас абалында сөгүнүп...

Жеке айтышууларга жол берилбейт!
Бир убактарда бироолор арак ичип мас болбой туруп эле Борборубуздун так ортосунда Озбек улуттук бийин бийлеген кундорду деле коргонбузго....
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркына шек келтире турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Мумкун иш убактынан сырткары ичип журушкондур анын эмнеси бар.