super.kg logo

Ташкентте Кыргыз киносунун күнү өткөрүлөт

 

Жакынкы аралыкта Өзбекстандын борбор шаарында 3 күн Кыргыз киносунун күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Иш-чарада “Үмүт” жаштар киносунун I жана II форумунда жеңген тасмалар көрсөтүлөт.

Ачылыш аземде “Үмүт” жаштар киносунун I форумунун жеңүүчүсү “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы көрсөтүлөт. Экинчи күнү “Сары-Ой”, “Образ”, “Балет – менин сүйүүм”, “Үн оператор”, “Ханбийке Назик” жана башка тасмалар тартууланат. Ал эми үчүнчү күнү “Гу Чжун Пёго кантип күйөөгө чыгуу керек?” тасмасы жана “Биз жашаган мамлекет” кыска метраждуу фильми коюлат.

“Учурда даярдык иштери көрүлүп жатат. Ташкентте өтчү Кыргыз киносунун күнү КРнын Өзбекстандагы элчилиги, “Өзбеккино” Улуттук агенттиги жана Кинематография департаменти тарабынан уюштурулууда” деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.05.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo sonun go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: