super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Ар бир мамлекет саясий жана экономикалык өнөктөштөргө муктаж”

 

Ар бир мамлекет саясий жана экономикалык өнөктөштөргө муктаж. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, бул маселени кароодо кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусия жана Казакстанда иштеп жатышканын эске алуу зарыл.

“Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча ар кандай ойлор, кайчы пикирлер жаралды. Түрдүү божомолдор айтылып келет. Жол картасын 12-майда өкмөт жактырып, учурда Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып жатат. Биримдикке кирүү үчүн жол картасы даярдалгандан кийин да бир топ иштер бар. Парламенттик угуу "Бул уюмга киргенде эмне тоскоолдуктар болот, аларды кантип жоюуга болот?" деген суроолорго жооп табат деп ишенем. Өкмөт өкүлдөрү коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрүп бериши керек”,- деди төрага.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: