super.kg logo

Прокуратура Керим Тураповго козголгон кылмыш иши токтоп турганын айтты   

 

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси Керим Тураповго козголгон кылмыш иши токтоп туратБул тууралуу кечээ, 20-майда укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы иш-аракеттери жөнүндө кезектеги Координациялык кеңешмесинин жыйынында айтылды. 

Прокуратуранын берген маалыматына караганда, Керим Тураповго козголгон кылмыш иши дайындалган комиссиянын соттук-курулуштук экспертизасы даяр болбогондугуна байланыштуу токтотулган.

2007-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин Кыргызстанда өткөрүүгө байланыштуу февраль айынын башында КРнын Маданият министрлигинин эсебинен Улуттук филармонияны оңдоп-түзөө иштерине деп 42 миллион 800 миң сом которулган. Иликтөөнүн жүрүшүндө курулуш иштери жогорулатылган баада курулганы ачыкталган. Ал эми чындыгында оңдоо иштери 4 миллион 416 162 сомго аткарылган.

Көрсөтүлгөн факты боюнча 2013-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен ага карата кылмыш иши козголгон.

Ал эми бул иш боюнча келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн соттук-курулуш экспертизасынан турган комиссия түзүлүп, текшерүүнү өткөрүү милдети КРнын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна жүктөлгөн. 

Башкы прокуратуранын көзөмөл органы тарабынан айтылгандай, экспертиза тобунун даярдыгынын жоктугуна байланыштуу Тураповго карата кылмыш иши токтоп турат. Ошондой эле бул факты боюнча азырынча эч кимге айып тагылган эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: