super.kg logo

Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу үйүнүн мурунку башчысы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө

 

Жогорку Кеңештин карамагындагы Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу үйүнүн мурунку башчысы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, "Алтын-Көл" эс алуу үйүнүн мурунку башчысы Жогорку Кеңеш тарабынан бөлүнгөн 3 миллион 500 миң сомдун 519 764 сомун өз кызыкчылыгына керектеп койгон. Аталган эс алуу үйүнүн башчысы мындан башка дагы кызмат абалынан пайдалангандыгы жөнүндө 4 факт катталганы белгилүү болду. 

Алсак, 2012-2013-жылдар аралыгында салык мыйзамын бузуп, мамлекетке 1 миллион 860 миң сом зыян алып келген. Учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан “Алтын-Көл” эс алуу үйүнүн мурунку башчысына карата “кызмат абалынан кянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: