super.kg logo

Баткенде облустук ардагерлердин демилгеси менен “Ырыс алды - ынтымак” аттуу кеңешме болуп өттү

 

Баткен облусундагы ардагерлердин демилгеси менен “Ырыс алды - ынтымак” аттуу кеңешме Баткен облустук администрациясынын имаратынын чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, облус прокуратурасынан өкүлдөр,  ИИМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги, “Ардактуу аксакалдар жана айымдар” коомдук бирикмесинин төрагасы Мырза Садыков, уюмдун өкүлдөрү жана облустагы аксакалдар катышты.

Жыйындын негизги максаты - элди ынтымакка жана биримдикке чакыруу, аялдардын жана жаштардын коомдогу ролу, кыргыздын ыйык каада-салттарын сактоо жана жаштарга туура жол көрсөтүп, тартипке салуу.

Анда Жеңиш Разаков сөз сүйлөп: “Аталарыбыздын ар дайым акыл-нуска кебин айтып турушу өлкөбүздө тынчтыктын гана сакталып турушун камсыз кылбастан, бул облустарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүн да камсыз кылат деп ойлойм. Бүгүн бул жерге топтолгондор элибиздин ынтымагын ыдыраткан, биримдигин  бөлүп-жарган айрым топтордун аракеттерине өзүнүн калыс сөзүн айтат деген ишеничтемин. Улуу инсаныбыз Исхак Раззаковдун “касташуудан кач, бирок адилеттүүлүктөн тайба” деген сөзүн дайыма туу тутуп келемин” деп баса белгилеп өттү.

Андан соң ар ким өз ойлору менен бөлүшүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: