super.kg logo
  Саясат  

Аскар Салымбеков, “Дордой” ассоциациясынын президенти: “Бажы биримдигине киришибиз керек, саясатты токтотолу”

 

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков колдойт. Ал мындай пикирин бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Айтымында, Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп кыйкыра бербей, дүйнөлүк интеграциялар менен мамиле кылышы керек. 

“Бизге интеграция керек. Географиялык абалыбызды карасак, бир жагыбызда Кытай, бир жагыбызда Бажы биримдигине кирген өлкөлөр. Эмне үчүн Кытай дүркүрөп өнүгүп кетти? Анткени алар экономикалык багытын бир нукка салып алышты. Экономиканы өзүбүз көтөрө аларыбызга көзүбүз жетпей турат. Өкмөттүн ордуна башкалар келсе деле ушинтип сүйлөшөт. Көчөдө кыйкыра бербей, өлкөгө күйгөндөр биримдикке кирүүдө өкмөткө жардам беришсин. Биримдикке кирүүнүн жакшы жактарын өтө жакшы кылып, кемчиликтерин жоюшубуз керек. Өтө саясатташып кеттик, бир жылда бирден өкмөт башчы алмашат. Анан кайдагы туруктуулук жана өнүгүү? Экономиканы көтөрүшүбүз керек, экономика, экономика жана экономика. Азыр бизде саясат, саясат жана саясат”,- деди Салымбеков.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: