Жалал-Абад облусунда кутурма оорусу катталды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылында 18-майда Ынтымак айылынын тургуну Өскөнбаев Рысмаматтын ую Миң-Жылкы жайлоосунда өлүп калган. Жергиликтүү ветеринар тарабынан өлгөн малдын башы кесилип, Жалал-Абад аймактык дартты аныктоо ветеринардык борборуна текшерүүгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 19-майда өлгөн малдын кутурма оорусу менен ооруганы аныкталып, анын тарпы өрттөлүп, көмүлгөн жер зыянсыздандырылды. Ошондой эле ветеринардык инструкциянын негизинде адистер тарабынан кутурма оорусу катталган жердеги мал баккандардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sharipa-asia

20.05.2014. 20:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын абайлаш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.