Хакасияда "Кыргызстандын жаранын өлтүрдү" деген шек менен орусиялык жаран кармалды
Хакасияда "Кыргызстандын жаранын өлтүрдү" деген шек менен орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда орусиялык басылмалар маалымдашууда.
Маалыматтарга караганда, Хакасиядагы Абакан шаарынан кыргыз жаранынын жана орусиялык жарандын ортосунда көчөдөн уруш чыгып, мушташып кетишкен. Бул учурда орусиялык жаран өз үйүнөн ашкана столунун темир бутун алып чыгып, кыргыз жаранын башка чаап жиберген. Алган жараатынан кыргыз жараны окуя болгон жерде каза болгон. Учурда кылмышка шектүү адам кармалып, иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.