Орусияга 15 килограммдан ашык баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды




ИИМдин Баңгизаттарынын жүгүртүлүшүнө каршы башкы башкармалыгы ири өлчөмдөгү баңгизатын Орусияга алып бара жаткан адамдарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда билдирди. Маалыматтарга караганда, Казакстан менен чектеш аймактан Чүй облусунда, Мерседес-Бенц унаасы токтотулган. Унааны текшерүүгө алууда анын чанагына жашырылган 15 килограмм 904 грамм героин табылган.
Учурда аны алып өтүүгө аракет кылгандар убактылуу кармоочу жайга камалып, бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.