super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев өлкөдө нандын баасы 5 сомго кымбаттаганын билерин айтты

 

Парламентте бүгүн, 20-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча маселе талкууланууда. Депутаттар өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге биримдиктин артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу суроолорду беришти. Айлык, пенсия, айыл чарба тармагына бюджеттен бөлүнгөн акчанын аздыгы, баалардын өсүп кетүү коркунучу тууралуу суроолор берилди. Депутаттардын бири өкмөт башчыга “Кыргызстанда нандын баасы 5 сомго кымбаттаганын билесизби?” деп суроо берди эле, Оторбаев “Билем, Бажы биримдигине кирсек, ошол нандын баасы арзандайт. Анткени бүгүнкү күндө унду Казакстандан алып жатабыз” деп жооп берди. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: