Улукбек Кочкоров Бажы биримдиги боюнча: “Кыргызстан азык-түлүк менен өлкөнү 10 пайызга гана камсыздайт, анан кантип 170 миллион калкты камсыздайбыз?”
“Кыргызстан азык-түлүк менен өлкөнү 10 пайызга гана камсыздайт, анан кантип 170 миллион калкты камсыздайбыз?”- деп билдирди депутат Улукбек Кочкоров бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угууда. Айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө мамлекет алгач өзүнүн калкын азык-түлүк менен кенен камсыздашы шарт. “Биримдикке кирсек, 170 миллион калк ошол 10 пайызыбызды да тартып албайбы деген кооптонуу бар. Өндүрүш болмоюнча атаандаштык жаратуу кыйын, экономикабыз өспөйт”,- деди депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

