Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча өткөн парламенттик угууда резолюция кабыл алынды

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча бүгүн, 20-майда өткөн парламенттик угууда резолюция кабыл алынды. Анда Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча берген өкмөттүн маалыматын эске алуу, биримдикке кирүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, сүйлөшүүлөрдү мындан ары улантуу сыяктуу пункттар киргизилди. Угууну өткөргөн ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Улукбек Кочкоров “айтылган сунуштарды өкмөт эске алат деген ишеничтебиз” деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

