super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева "Microsoft" корпорациясынын өкүлү менен билим берүү маселесин талкуулады

 

Бүгүн, 20-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева "Microsoft" корпорациясынын өкүлү Рашид Иваевди кабыл алды. 

Жолугушуу учурунда вице-премьер-министр заманбап маалымат технологияларын киргизүү жана билим берүү мекемелеринде тейлөөнү жакшыртуу маселесин козгоду. "Microsoft" программасын компаниянын жаңы долбоорлорунун алкагында билим берүү мекемелеринде бекер киргизүү жагы каралды.

Рашид Иваев учурда "Office 365тин" кызматын атайын тарифтин негизинде бекер пайдаланса болорун айтты. “Бул окуучу, мугалим жана мектептин башка кызматкерлери электрондук дарек, веб-сайт, өздүк “булутчада” документтерди редакциялап, сактоо иштерине жана веб-конференцияларды өткөрүп, пикир алышууга мүмкүндүк берет. Биздин тармактар коммуникациясын заманбап үлгүгө алып келүүнү каалаган мектептерге керек”,- деди Иваев.

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагында келечектүү кадамдарды иштеп чыгуу боюнча пикир алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: