Ала-Бука районунда 2 чарбалык субъектте тартип бузуулар аныкталып, 43 миң сом суммасына бааланган 862 бөтөлкө арак алынды
Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жеке
ишкер «Кристалл алко» жоопкерчилиги чектелген коомунун үлгүсү алдында шектүү акциздик маркасы менен алкоголь
ичимдиктерин чыгарып келген. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Мамлекеттик
салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, Баткен, Жалал-Абад облустарынын
аймагында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз
өндүрүштөрдү жана алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүнү аныктоо максатында
рейддик салык көзөмөл жүргүзүшкөн.
Рейддин алкагында аталган аймакта алкоголь ичимдиктерин чыгарган 32 чарбалык субъекттин ишмердүүлүгү текшерилген. Натыйжада 32 чарбалык субъекттин экөөсүндө тартип бузуулар аныкталып, жалпысынан 43 миң сом суммасына 862 бөтөлкө арак алынды.
Ал эми Баткен шаарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 540 бөтөлкө ичимдик табылган.
Маалыматта белгиленгендей, алынган өндүрүштүн үлгүлөрү тиешелүү талаптарга жооп бере тургандыгын жана сапатын аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча материалдар тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.