Жоомарт Оторбаев өлкө түштүгүнө газ берүү боюнча Өзбекстан сүйлөшүүдөн качып жатканын айтты
“Республиканын түштүгүндө газдын жок болушу биздин моралдык жоопкерчилигибизде”,- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин отурумунда.
Айтымында, азырынча бул маселе чечиле элек. “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен сүйлөштүм. Өзбекстан тарап байланыштан качып жатат. Мен Өзбекстандын премьер-министрине кат жибердим. Бирок алар катка жооп бербей жатышат. Керек болсо телефон чалсак да жооп бербей коюуда”,- деди Оторбаев.
Эске салсак, өлкөнүн түштүгү 2014-жылдын 14-апрелинен бери газсыз отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

