super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Ким бизди түрткүлөбөсүн, биз Орусия же Кытай менен мамилени бузууга, согушууга барбайбыз"

 
Бүгүн, 20-майда Шанхайда кыргыз журналисттери менен болгон сүйлөшүүдө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев учурдагы бир топ актуалдуу суроолорго жооп берип, мамлекеттик иш сапардын жетишкендиктерине токтолуп өттү.
"Кыргызстандын тышкы саясаты бир векторлуу саясатка айланып бара жатат деген пикирлер жаралууда. Сиз кандай ойлойсуз?" деген суроого суроо менен жооп берди ажо.
"Бир векторлуу болгондо кайсы өлкөгө карай?"- деди. Албетте, сөз Орусия жөнүндө болуп жатканын ажо да, журналисттер да түшүнүп турушкан. 
"Ири өлчөмдөгү насыяларды бизге Кытай берип жатат. Кыргызстан бир векторлуу тышкы саясат жүргүзгөн жок. Ким бизди түрткүлөбөсүн, биз Орусия же Кытай менен мамилени бузууга, согушууга барбайбыз",- деди президент. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: