super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы АКШнын элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

 

Бүгүн, 20-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков "Saferworld" программасынын башчысы Андрей Крук жетектеген АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жанель Курода, аталган элчиликтин укук коргоо органдары боюнча кеңешчиси Марк Пареси менен жолугушту.

"Saferworld" программасынын максаты - АКШ элчилигинин кызматташтыгы менен биргеликте милициянын  коомчулук менен байланышын негиздеген жаңы долбоорду элге жайылтуу. Аталган долбоордо кенже жана   офицердик курамга гана эмес, райондук жана башкармалыктын жетекчилик курамдарына дагы коомчулук менен байланыш куруу боюнча тренингдерди өткөрүү жагы белгиленген. 

Жеңишбек Жоробеков облустун аймагында коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана  жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер боюнча маалымат берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: