Алай райондук салык кызматы жаңы имаратта иштей баштады
Ош облусундагы Алай райондук салык кызматы жаңы мекемеде иштей баштады. Муну бүгүн, 20-майда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Оңдоодон өткөн имараттын ачылышы 19-майда болуп, ага Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов, Алай районунун акиминин биринчи орун басары, салык кызматкерлери катышканы айтылды. Маалыматта жаңы имаратта төлөмдөрдү кабыл алууга, жарандарга кызмат көрсөтүүгө жакшы шарт түзүлгөнү айтылат. Имаратты оңдоого 2,5 миллион сом жумшалыптыр.
Замирбек Осмонов салыктарды чогултуу, кадрдык саясатты жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

