super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн иши элдин ишеними менен баалана турганын айтты Жоомарт Оторбаев

 
Өкмөттүн ишин элдин ишеними менен бааласа болот. Мындай пикирин премьер-министр Жоомарт Оторбаев коррупцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин 20-майдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, өлкөнүн көпчүлүк жарандары өкмөттүн эмне иш жасап жатканынан кабары жок. 
Оторбаев өкмөттүн ишин көрсөтүү үчүн “Министр байланышта” кампаниясы башталганын белгиледи. 

“Акыркы айда министрлер менен мекеме жетекчилери менин тапшырмам менен 2014-жылдагы иш пландарын элге түшүнүктүү сөздөр менен жеткирүүгө аракет кылышты. Бул жөнөкөй көрүнгөн иш татаалдыгы менен белгилүү болду. Эми министрлер “коом менен келишимди” жакында толук иштеп чыгышып, жалпы коомчулукка жеткиришет”,- деди премьер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: