Коррупция менен күрөшүү – анын кесепети менен эмес, аны пайда кылган себептер менен күрөшүү" деди өкмөт башчы
Коррупция менен күрөшүү – анын кесепети менен эмес, аны пайда кылган себептери менен күрөшүү. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-майда коррупцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
"Өкмөт жарандар менен ишкерлер чөйрөсүнө болгон текшерүүнү азайтуунун үстүндө иштеди. Текшерүүчүлөрдүн саны 21ден 12ге кыскартылды, экспортко керектүү документтер 8ден 2ге, лицензиялар 518ден 101ге кыскарды. Жакында мамлекеттик сатып алуулардын электрондук мейкиндиги ишке кирет. Тендерлер электрондук деңгээлде өтөт. Премьер-министр мамлекеттик органдар арасында коррупцияга аралашкан кызматкерлерди табуу иши жүрүп жатканын айтты" деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

