super.kg logo
  Саясат  

Медведев “Украинанын аймактык бүтүндүгү үчүн Орусия кепилдик бере албайт” деди

 

Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн өзүнө эч качан милдеттеме алган эмес. Ошондой эле бүтүндүгү үчүн эч кандай кепилдик бере албайбыз”,- деп билдирди Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Муну ал 20-майда орусиялык телеканалдарга берген маегинде айтты.  

Биз эч кимге эч кандай кепилдик бере албайбыз. Анткени биз Украинадагы маселе боюнча өзүбүзгө милдеттеме алган эмеспиз. Украинадагы абалды кимдир бирөө жайгарат деп да кепил боло албайбыз”,- деди Медведев.

Анын айтымында, негизги максат - Украинанын ичиндеги абалды жайгаруу. “Биз ал жакта эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Жарандык согуш, дагы башкалары болууда. Биз эмне тууралуу ойлонушубуз керек экендиги көрүнүп жатат”,- дейт орус өкмөт башчысы.

Эскерте кетсек, Будапешт меморандумуна ылайык, 1994-жылы Украина ядорлук программадан баш тартканда АКШ, Орусия, Улуу Британия Украинанын эгемендүүлүгүн, ошондой эле коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убадалашкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: