super.kg logo

Жылнаама, 21-май: Мындан 110 жыл мурун Парижде ФИФА Эл аралык футбол федерациясы негизделген

 
* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы Кыргызстан тарыхындагы биринчи эл аралык шахматтык турнир өткөрүлгөн. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган шахматчылардын эл аралык турнири башталып, ага А.Белявский, Д.Спилмэн, Е.Васюков, В.Савон сыяктуу эл аралык гроссмейстерлер жана кыргызстандык Н.Зильберман, Л.Юртаев, Д.Маматовго окшогон чеберлер катышкан. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган эл аралык турнирди гроссмейстер А.Белявский жеңип, кыргызстандык Н.Зильберман менен Л.Юртаев эл аралык мастердик норманы толтурушкан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан журналист Геннадий Павлюктун эстелигин кимдир бирөөлөр уурдап кетишкен. Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылдын декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүлөр алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн. Ошол эле жылдын 26-июнь күнү уурдалып кеткен эстелик Ала-Тоо конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылган. 
* Мындан 110 жыл мурун, 1094-жылы ФИФА Эл аралык футбол федерациясы Париж шаарында негизделген. Футбол федерациясын уюштуруу келишимине Франция, Бельгия, Дания, Голландия, Испания, Швеция жана Швейцария кол коюшуп, федерациянын биринчи президенттигине Робер Герен шайланган.
21-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: