super.kg logo
  Саясат  

Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин IV саммити өз ишин баштады

 
Бүгүн, 20-майда Шанхайда Азия өлкөлөрүнүн 90 пайызын камтыган Азияда чара көрүү багытында биргеликте иш алып баруу жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин кезектеги саммити башталды. Бул кеңешме аймакта коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн азиялык өлкөлөрдүн кызматташуусун бекемдөө максатын көздөйт. Мындай идеяны 1992-жылы БУУнун генассамблеясынын сессиясында биринчи ирет Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган.
Бүгүнкү күндө бул кеңешмеге 24 өлкө мүчө, 9 өлкө жана 3 эл аралык уюм байкоочу катары катышат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул саммитте чек ара маселелерине кайрылып, көйгөйлөрдү күчкө салбай, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү айтары күтүлүүдө. Бул тууралуу ажо кечээ журналисттерге берген маегинде билдирген. Учурда кеңешменин катышуучулары саммит өтүүчү жайга чогулушууда, ири пресс-борбор да өз ишин баштады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: