super.kg logo
  Саясат  

Кытайга Кыргызстан аркылуу газ түтүктөрүн өткөрүүдөн Кыргызстан 30 жылдын ичинде 2,5 миллиард доллар пайда көрүшү күтүлүүдө

 

Кечээ, 20-май күнү Шанхайда Кыргызстан аркылуу Кытайга газ түтүктөрүн алып өтүүгө байланыштуу меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, Кытайга Кыргызстан аркылуу өтүүчү газ түтүктөрүн куруу жана ишке киргизүү боюнча эки тараптын өкмөттөрүнүн ортосунда Координациялык кеңеш түзүлөт.   

Бул багыттагы меморандумга кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Кытай тараптан Кытай улуттук нефтегаз корпорациясынын башкы директорунун орун басары кол койду. Долбоорду ишке ашыруучу ишкананы Кытай тарап дайындай турганы белгилүү болду. Газ түтүктөрүн Гонконгдо катталган "ТрансКыргызГаз Пайплайн Компани Лимитед" компаниясы ишке ашырат.
 
Осмонбек Артыкбаев бул долбоор үчүн 1,5 миллиард доллар каралганын, аны ишке киргизүү 2016-жылга пландалып, түтүктөр Тажикстандан келип, Чоң-Алай аркылуу Кытайды көздөй кетерин билдирди. Түтүктөрдүн узундугу 215 чакырымды түзөт.  
"30 жылдын ичинде Кыргызстан бул долбоордон 2,5 миллиард доллар пайда көрөт. Экономикалык жактан абдан пайдалуу долбоор, экологияга коркунуч келтирбейт, Кыргызстан өзүнүн чөнтөгүнөн акча коротпойт",- деп билдирди Осмонбек Артыкбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: