Жоомарт Оторбаев 2013-жылы ири долбоорлорго тартылган инвестицияларды атады
Кыргызстанда 2013-жылы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга миллиондогон инвестициялар тартылды. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, Жогорку Нарын ГЭС каскады үчүн 727 миллион доллар инвестиция тартылды. “Түндүк-түштүк кошумча унаа жолун курууга 400 миллион, Бишкек ЖЭБди жаңылоого 386 миллион доллар, “Датка” электр линиясын жана “Датка-Кемин” көмөк чордону үчүн 389 миллион доллар, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоого 1,5 миллиард доллар жумшалып жатат”,- деди өкмөт башчы.
Премьер “Датка” линиясынын курулушу аяктаганын кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

