Депутаттар Лейлектеги газ түтүктөрүн сатуу аракети боюнча өкмөттү сындашууда
Парламент депутаттары Баткендин Лейлек районундагы газ түтүктөрүн сатуу аракети боюнча өкмөт өкүлдөрүн сынга алышууда. Муну депутат Назарали Арипов айтып чыкты. Анын билдиришинче, “Кыргызгаз” аталган аймактагы бош калган газ түтүктөрүн Казакстанга сатканы жатат. “Узундугу 124 чакырымды түзгөн газ түтүктөрү бар. “Кыргызгаз” сатылып жатканда энергетика министри “газ түтүктөрү сатылбайт” деп айткан. Бүгүн сатуу аракеттери болуп жатат. Бул боюнча токтом кабыл алып, аларды саттырбай калышыбыз керек”,- дейт депутат.
Айта кетсек, парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

