Жакында өкмөт энергетикалык компанияларга кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт
Өкмөт жакынкы эле аралыкта Энергетика жана өнөр жай министрлигинде, ошондой эле “Түндүк электр” ишканасында кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады.
Бул тууралуу 20-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча өткөрүлгөн Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.
Айтымында, жакынкы убактарда кадрдык жаңы өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар айтылат. “Жакынкы аралыктарда да энергетикалык компанияларда олуттуу кадрдык өзгөртүүлөр болот”,- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

