Депутаттар Июнь окуясы боюнча токтомдор аткарылбай жатканын айтышууда
Парламент депутаттары 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча чыгарылган токтомдор аткарылбай жатканын айтышууда. Муну депутат Мирлан Бакиров айтып чыгып, бул боюнча Каржы министрлигин сындады. “Аталган окуяда жабыр тарткандарга 50 миң сомдон компенсация төлөп берүү боюнча президент Алмазбек Атамбаев токтом чыгарган. Эмне үчүн аткарылбай жатат?” деп суроо берди.
Каржы министри Ольга Лаврова токтом аткарылып жатканын билдирди. “Бюджетте абал оор болгондуктан, бул каражаттын баарын бир заматта берүүгө шарт жок”,- деди министр.
Айта кетсек, парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

