Жоомарт Оторбаев “тышкы карыздан коркуунун кереги жок” деди
Парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Суроо берүү учурунда депутат Назарали Арипов өлкөнүн тышкы карызы үчүн өкмөттү сынга алды. “4 жыл ичинде өтө көп насыя алынды. Качан карыз албай, өз алдыңарча иштейсиңер?”- деп суроо берди.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Өлкөнүн тышкы карызынын деңгээлин ички дүң продукциянын жалпы өлчөмүнүн 50 пайыздык деңгээлинде кармашыбыз керек. Тышкы карыздан коркуунун кереги жок. Антпесек кантип алдыга жылабыз? Мисалы, Баткендеги унаа жолун кантип курабыз?”- деди.
Премьер-министр 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы карызынын суммасы 3 миллиард доллардын тегерегинде болгонун кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

