25 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну "32 жаштагы айымды күч колдонуп тоногон" деп шектелүүдө
25 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну "32 жаштагы айымды күч колдонуп тоногон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 32 жаштагы Гүлмира аттуу тургуну кайрылып, 25-30 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алгандыгы тууралуу маалымдаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Учкунбек аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.