super.kg logo

Бишкекте “таксистти өлтүргөн” деп шектелген жарандарды колго түшүрүүдө курал колдонулган

 

Бишкекте “таксистти өлтүргөн” деп шектелген жарандарды колго түшүрүүдө курал колдонулган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү Чолпон-Ата көчөсүндө Фольксваген унаасынын ичинен октон жараат алган адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран такси кызматында иштегени белгилүү болгон. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Канат, 24 жаштагы Максат, 28 жаштагы Улан аттуу жарандар кармалган. Кармоо учурунда 28 жаштагы Улан качууга аракет кылып, милиция кызматкерлери эскертүүчү ок чыгарып, курал колдонушкан. Шектүүлөр кармалган соң алардын жанынан тапанча жана октор табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, таксист шектүүлөрдөн алынган тапанчанын огунан каза болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Иликтөө жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан эмес эле Кылмышстан болуп кетти го(((. Силовые структуры, введите усиленную форму порядка, пожалуйста.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: